Ч.Айтматов районуна караштуу Көк-Сай – Кайнар унаа жолунда асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, быйыл эки айылды байланыштырган жолдун 1,5 чакырымын оңдоо каралган. Азыркы тапта 900 метрден ашык аралык жасалды.


