Башкы бетке Рубрикасы жок ЖОЖдорго кабыл алуунун III туру башталды

ЖОЖдорго кабыл алуунун III туру башталды

0
513

Кыргызстанда бүгүн, 29-июлда жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоонун 3-туруна арыздарды кабыл алуу башталды.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, арыздарды кабыл алуу 31-июль саат 14:00гө чейин жүргүзүлөт.

ЖОЖдорго кабыл алуунун I жана II турунда жалпы 44 миң 438 талон катталып, анын ичинен бюджеттик негизде окууга – 16 миң 402, контрактык негизде окууга – 28 миң 36 талон түштү.

II турдун жыйынтыгы менен ЖОЖдорго 20 миң 342 абитурент кабыл алынды.

Ушул тапта эң көп абитуриент кабыл алынган ЖОЖдор:

  • Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – 3552,
  • Ош мамлекеттик университети – 2951,
  • И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети – 2565,
  • И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети – 1502,
  • Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети – 1470,
  • К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети – 1380,
  • И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы – 836.

Эскерте кетсек, 2024-2025-окуу жылына карата жогорку окуу жайларына тандоо “Абитуриент онлайн” автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу V тур менен жүргүзүлөт. Кабыл алуу графиктери менен таанышуу үчүн шилтемеге кириңиз.

Мурунку макала“Мурас” ипотекалык турак жай комплексиндеги 11 үй күзүндө пайдаланууга берилет
Кийинки макалаТоктогул суу сактагычында суунун көлөмү 11,8 млрд. куб метрди түздү

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз