Башкы бетке Коом 31-августта 15 миңден ашык милиционер коопсуздукту камсыздайт

31-августта 15 миңден ашык милиционер коопсуздукту камсыздайт

0
363

Кыргызстанда Эгемендүүлүк күнүндө коомдук коопсуздукту камсыздоого 15 миңден ашык милиционер тартылат.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, 31-августта өлкөдө Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракесине арналган майрамдык иш-чаралар өткөрүлөт.

Алсак, 26-28-август күндөрү республика боюнча «Укук тартип» аталышындагы комплекстүү алдын алуу ыкчам иш-чарасы уюштурулат. Бул иш-чаранын алкагында “Арсенал”, “Нелегал”, “Селсаяк” аталышындагы алдын алуу рейддери өтөт.

Бишкек шаарында өтө турган майрамдык иш-чараларда ИИМдин 5 миңден ашык кызматкери тартылат.

“Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого багытталган чараларды туура түшүнүү менен кабыл алат деген ойдобуз”, — деп айтылат маалыматта.

Мурунку макалаЖаныбек Керималиев айыл чарба министринин биринчи орун басары болду
Кийинки макалаЧоң Чүй каналынан 14 жаштагы өспүрүм изделүүдө

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз