Башкы бетке Коом Жаныбек Керималиев айыл чарба министринин биринчи орун басары болду

Жаныбек Керималиев айыл чарба министринин биринчи орун басары болду

0
345

Жаныбек Керималиев суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — айыл чарба министри Бакыт Төрөбаевдин сунушунун негизинде Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Белгилей кетсек, Жаныбек Керималиев буга чейин Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институтунун директору кызматын аркалап келген.

Мурунку макалаАкылбек Жапаров «Эл үмүтү» стипендиясынын жеңүүчүлөрү менен жолукту
Кийинки макала31-августта 15 миңден ашык милиционер коопсуздукту камсыздайт

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз