Башкы бетке Коом Бишкектин 4 көчөсүндө оңдоо иштери аяктады

Бишкектин 4 көчөсүндө оңдоо иштери аяктады

0
486

Бишкек шаарынын 4 көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери аяктады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, эки көчөнүн тротуарын, дагы эки көчөнүн жолун капиталдык оңдоо иштери жыйынтыкталды.

Раззаков көчөсү Фрунзе көчөсүнөн Баетов көчөсүнө чейин жана Баетов көчөсү Раззаков көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейин капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.

Мындан тышкары, Фрунзе көчөсүндө Абдрахманов көчөсүнөн Шопоков көчөсүнө чейин жолдун түндүк тарабында жана Шопоков көчөсүндө Жумабек көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейин жолдун батыш тарабында тротуар капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.

Мурунку макалаТокмокто бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылды
Кийинки макалаМинистрлер Кабинетинде күз-кыш мезгилине карата даярдык көрүү маселеси талкууланды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз