Башкы бетке Рубрикасы жок Садыр Жапаров элди жаратылышка аяр мамиле жасоого чакырды

Садыр Жапаров элди жаратылышка аяр мамиле жасоого чакырды

0
532
Президент Садыр Жапаров Администрация кызматкерлери менен биргеликте 14-сентябрда Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында ишембилик өткөрдү.

Президент элди жаратылышка аяр мамиле жасоого чакырып, өзү кошо таштанды терди.

“Өлкөбүзгө көбүрөөк туристтерди тартууга умтулсак, экономикабызды өнүктүрөбүз десек, өзүбүздөн башташыбыз керек. Бир сааттын ичинде кенедей жерден ушунча таштанды жыйналып жатканда, туристтик жагымдуулук тууралуу кантип сөз кыла алабыз. Тазалык – биздин айланабыздагы дүйнөгө жана өзүбүзгө болгон мамилебиздин көрсөткүчү болуп саналат. Ар бир эс алуучу өзүнөн кийин таштанды тергенди үйрөнүшү керек! Бүгүнкү күн менен жашабашыбыз керек, балдарыбызга эмне калтырабыз деп ойлонушубуз кажет”, — деген президент.

Президент өлкөнүн булуң-бурчу көрктөндүрүлүп, жашоого жана эс алууга жагымдуу болушу зарыл экенин белгиледи.

Ал ата-энелерди бала тарбиялоодо дагы тазалык, жаратылышка аяр мамиле жасоо тууралуу кулагына куюп турса дурус болорун айткан.
Ошондой эле алуучуларды өзүнүн гана таштандысын эмес, башка бирөөлөрдүкүн дагы жыйнай кеткени жакшы иш болорун кошумчалаган.

Мурунку макалаКыргызстан менен Кытайдын саясий-экономикалык байланышын бекемдөө талкууланды
Кийинки макалаБишкектеги жаңы Ош базардын курулушу кызуу жүрүүдө

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз