Башкы бетке Министрлер кабинети Чоң Чүй каналынан 14 жаштагы өспүрүм изделүүдө

Чоң Чүй каналынан 14 жаштагы өспүрүм изделүүдө

0
412

Чоң Чүй каналынан 14 жаштагы өспүрүм изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-августта Бишкектин четиндеги Көк-Жар айылынан А.А. аттуу 14 жаштагы бала сууга чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары издөө ишине тартылып, натыйжа болгон эмес.

«Бүгүн, 26-август күнү издөө иштерине ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын өздүк курамынан 60 куткаруучу, Ички иштер министрлигинен 30 кызматкер жана туугандары издөө ишине тартылды», — деп айтылат маалыматта.

Мурунку макала31-августта 15 миңден ашык милиционер коопсуздукту камсыздайт
Кийинки макалаНарында эт фестивалы өтөт

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз