Башкы бетке Коом “Старый Толчок” – “Евразия” базары мамлекеттин балансына кайтарылды

“Старый Толчок” – “Евразия” базары мамлекеттин балансына кайтарылды

0
468

 “Старый Толчок” – “Евразия” базары мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, атайын кызмат коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүүнүн алкагында “Старый Толчок” – “Евразия” базарынын мүлк комплексин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын аныктады.

Убагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин балансында турган жалпы аянты 2,2 гектар жер “Шар-Чебер” жеке кооперативине мыйзамсыз өтүп, андан ары менчиктештирилип кеткен.

Иликтөө иштеринин натыйжасында “Евразия” базарынын (“Эл Гранд” ЖЧКсы) жалпы аянты 1,14 гектар жер тилкеси жана жалпы аянты 3 миң чарчы метрден ашык соода жайлары мамлекеттин балансына кайтарылды.

УКМКдан кошумчалашкандай, жерлер, имараттар жана курулуштарды мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын аныктоону, ошондой эле аларды мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иш-чараларды улантып жатат.

Мурунку макала1-сентябрга карата 30 билим берүү мекемесинин курулушу аяктайт
Кийинки макалаБайтик баатыр көчөсүндө капиталдык оңдоо иши аяктады

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз