Башкы бетке Коом 1-сентябрга карата 30 билим берүү мекемесинин курулушу аяктайт

1-сентябрга карата 30 билим берүү мекемесинин курулушу аяктайт

0
475

Кыргызстанда 1-сентябрга карата 30 билим берүү мекемесинин курулушу аяктайт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев билдирди.

Анын айтымында, жаңы окуу жылын утурлай 20 мектеп жана 10 бала бакча пайдаланууга берилет. Мындан тышкары, дагы 20 социалдык багыттагы объекттин курулушу бүткөрүлөт.

“1-сентябрга карата Чүй облусунда – 3 мектеп, Жалал-Абад облусунда – 7 мектеп, 5 бала бакча, Ысык-Көл облусунда – 2 мектеп, 2 бала бакча, Нарын облусунда – 5 мектеп, Ош облусунда – 2 мектеп, 2 бала бакча, Талас облусунда – 1 мектеп жана 1 бала бакчаны ишке берүүнү пландап жатабыз”, – деди Орунтаев.

Ошондой эле ал жыл соңуна чейин өлкө боюнча 100дөн ашык социалдык маанидеги объект ишке киргизилерин, дагы 83 объект капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөрү мерчемделгенин белгиледи.

Мурунку макалаКыргыз спортчулары соңку жарым жылда 268 медаль жеңген
Кийинки макала“Старый Толчок” – “Евразия” базары мамлекеттин балансына кайтарылды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз