Башкы бетке Рубрикасы жок Адылбек Касымалиев Нарын облусунун эли менен жолугушууда

Адылбек Касымалиев Нарын облусунун эли менен жолугушууда

0
517

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиевдин Нарын облусунун эли менен жолугушуулары бүгүн, 5-августта Кочкор районунда башталды.

Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учурда Кочкор районунун борборундагы Жолдошбай Абдыкалыков атындагы маданият үйүндө жолугушуу өтүп жатат.

Жыйынга Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнөн сырткары, башкы прокурордун биринчи орун басары Баймурза Маатов катышууда.

Жыйынды Нарын облусунун башчысы Алтынбек Эргешов ачып, элдик жыйындар суроо-жооп иретинде өткөрүлөрүн, ар бир суроо күн тартибине киргизилип, жооптор берилип, көзөмөлгө алынарын билдирди.

Элден жайыт, жер трансформация маселелери, насыялардын үстөгүнүн карапайым эл үчүн оордугу, айрым маданият мекемелерин оңдоо зарылдыгы, мектептердеги коопсуздук кызматкеринин маянасын мамлекеттен чечип берүү, Туз шахтасын көзөмөлгө алып иштетүү, дарыгерлердин жетишсиздиги сыяктуу маселелер айтылууда.

Суроолорго жетекчилер жана тиешелүү кызматкерлер тарабынан дароо жооптор берилүүдө.

Мурунку макалаБаткендин 28 айылы таза суу менен камсыз болот
Кийинки макалаКөчмөндөр оюнуна 268 кыргызстандык спортчу барат

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз