Башкы бетке Коом Августтан тарта “Ат чабыш” күмүш коллекциялык монетасы жүгүртүүгө чыгат

Августтан тарта “Ат чабыш” күмүш коллекциялык монетасы жүгүртүүгө чыгат

0
515

Кыргызстанда 1-августтан тарта “Ат чабыш” күмүш коллекциялык монетасы жүгүртүүгө чыгат. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматта ылайык, “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” сериясындагы күмүш монеталар 8-14-сентябрда Казакстандын Астана шаарында өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналат.

Монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжети катары така түрүндө салынган ат майданынын фонунда ат чаап бараткан эки чабандес чагылдырылган. Ошондой эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эмблемасы жана монетанын “Ат чабыш/At Chabysh” деген аталышы, ошондой эле монетанын номиналы 10 сом түшүрүлгөн.

Монетанын арткы бетинде да жарышка түшкөн чабандестердин сүрөтү, мамлекеттик герб чагылдырылып, “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары / World Nomad Games” деп жазылган. Монетанын сол жагында чыгарылган жылы (2024), оң жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925) менен салмагы (31,10 g) берилген.

Белгилей кетсек, “Ат чабыш” коллекциялык монетасы өлкө аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.

Мурунку макалаЖалал-Абадда Аскер деңиз флотунун күнү белгиленди
Кийинки макала“Корея – Кыргызстан” агроөнөр жай комплекси” агроөнөр жай кластерин түзүү жөнүндө” жарлыкка өзгөртүү киргизилди

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз