Башкы бетке Рубрикасы жок Жалал-Абадда Аскер деңиз флотунун күнү белгиленди

Жалал-Абадда Аскер деңиз флотунун күнү белгиленди

0
508

Күн мурун Жалал-Абад шаарында Аскер деңиз флотунун кесиптик майрамы белгиленди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага шаардык мэриянын уюштуруу бөлүмүнүн башкы адиси Түгөлбай Муратов, Жалал-Абад облустук Аскер деңиз флоту биримдигинин төрагасы Бактыбек Абдразаков, аскер деңиз флотунда кызмат өтөгөн ардагерлер жана алардын жакындары катышты.

Иш-чарада союз мезгилинде Аскер деңиз флотунда кызмат өтөгөн моряктардын кесиптик майрамына карата куттуктоо сөздөр айтылып, алардын жасаган эмгеги элдин эсинде түбөлүк сакталаары баса белгиленди.

Андан соң, Аскер деңиз флотунун мүчөлүгүнө кабыл алынгандарга күбөлүк жана төш белгилер тапшырылды.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 18-майында Жалал-Абад облустук Аскер деңиз флотунун биримдиги түзүлүп, жыл сайын июль айынын акыркы жумасы “Аскер деңиз флотунун” күнү катары белгилөө колго алынып, бул жылы алгачкы ирет белгиленүүдө.

Союз мезгилинде Кыргызстан боюнча 5 миңдей жоокер Аскер деңиз флотунда кызмат өтөгөн болсо, анын миңге чукулу Жалал-Абад облусунан баргандар. Учурда облус боюнча биримдиктин жүзгө чукул мүчөсү болсо, анын 27си Жалал-Абад шаарынын тургуну.

Мурунку макалаКазакстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан 1,6 тонна кой эти аныкталды
Кийинки макалаАвгусттан тарта “Ат чабыш” күмүш коллекциялык монетасы жүгүртүүгө чыгат

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз