Башкы бетке Министрлер кабинети Казакстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан 1,6 тонна кой эти аныкталды

Казакстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан 1,6 тонна кой эти аныкталды

0
582

Казакстандан Кыргызстанга мыйзамсыз ташылып келе жаткан 1,6 тонна кой эти аныкталды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, мыйзамсыз жүктү Ветеринардык кызматтын «Кең-Булуң» чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору кыргыз-казак мамлекеттик чек арасынан кармашкан.

Жүктө ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы, ошондой эле тиешелүү ветеринардык коштоочу документтери жок экендиги белгилүү болду.

Инспекторлор тиешелүү артка кайтаруу актысын түзгөн соң жүк «Кең-Булуң» көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу Казакстанга артка кайтарылды.

Мурунку макалаОлимпиада-2024: Эртең Денис Петрашов 200 метрге сүзөт
Кийинки макалаЖалал-Абадда Аскер деңиз флотунун күнү белгиленди

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз