Башкы бетке Коом Соода борборлорунун аймагында заманбап милиция бөлүмчөлөрү ачылды

Соода борборлорунун аймагында заманбап милиция бөлүмчөлөрү ачылды

0
2876

Бүгүн Бишкектеги Asia Mall жана «Технопарк» соода оюн-зоок борборлорунун аймагында заманбап милиция бөлүмчөлөрү ачылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Ачылыш иш-чарасына Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Токтоналиев, райондук бөлүмдөрдүн жетекчилери жана милиция кызматкерлери катышты.

Азамат Токтоналиев милиция бөлүмчөсүнүн ачылышы жарандардын жана борбордун конокторунун коопсуздугун камсыз кылууга жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ыкчам ишмердүүлүгүнө оң таасирин тийгизерин белгиледи.

Белгилеп кетсек, милиция бөлүмчөсүнүн аймакта жайгашуусу, мүмкүн болгон кылмыштуулукка жана укук бузууларга натыйжалуу чара көрүүгө, алдын алуу иштерин жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Бөлүмчөдө милиция кызматкерлеринин иш бөлмөлөрүндө эмерек жана техникалык жабдуулар менен ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Иштөө убактысы түнкү күн сайын саат 09:00дөн 22:00гө чейин.

Мурунку макалаАкыркы үч жумада Кытайга 20 тоннадан ашык жүн экспорттолду
Кийинки макалаТаланттуу жана таттуу эгиз кыздар Бегайым менен Нурайым

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз