Башкы бетке Рубрикасы жок “Корея – Кыргызстан” агроөнөр жай комплекси” агроөнөр жай кластерин түзүү жөнүндө” жарлыкка...

“Корея – Кыргызстан” агроөнөр жай комплекси” агроөнөр жай кластерин түзүү жөнүндө” жарлыкка өзгөртүү киргизилди

0
556

Президент Садыр Жапаров “КР президентинин 2022-жылдын 7-декабрындагы № 387 “Корея – Кыргызстан” агроөнөр жай комплекси” агроөнөр жай кластерин түзүү жөнүндө” жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жарлыкка кол койду.

Айыл чарбасын өнүктүрүү, агроөнөр жай кластерлердин субъекттерин агроазык-түлүк продукцияларын сатуунун эл аралык рынокторуна чыгаруу максатында, КР Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын президентинин 2022-жылдын 7-декабрындагы № 387 “Корея – Кыргызстан” агроөнөр жай комплекси” агроөнөр жай кластерин түзүү жөнүндө” жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пунктта “Алдынкы агроөнөр жай комплекси” жоопкерчилиги чектелген коомунун” деген сөздөр “Кыргыз Агрохолдинг” ачык акционердик коомунун” деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 4-пункттун “б” пунктчасынын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: “– Кластердин катышуучуларынын реестрин каттоо жана жүргүзүү”.

Мурунку макалаАвгусттан тарта “Ат чабыш” күмүш коллекциялык монетасы жүгүртүүгө чыгат
Кийинки макалаСадыр Жапаров Парижде Олимпиада оюндарынын ачылышына катышты

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз