Башкы бетке Рубрикасы жок Кыргызстан менен Азербайжандын аскердик кызматташтыгы бекемделет

Кыргызстан менен Азербайжандын аскердик кызматташтыгы бекемделет

0
415

Бүгүн, 23-октябрда коргоо министри Бактыбек Бекболотов Азербайжандын коргоо министри Закир Аскер Оглы Гасанов менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы Аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Министр Бекболотов Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы аскердик байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн айтып, аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту биргелешип камсыз кылуу контекстинде алардын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Жолугушуунун соңунда Бекболотов Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы аскердик кызматташууну бекемдөө эки өлкө ортосундагы достук мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жана аймактык коопсуздукту күчөтүүгө өбөлгө болоруна ишеним билдирди.

Мурунку макалаМедербек Сатыев Жогорку соттун төрагалыгына дайындалат
Кийинки макалаСадыр Жапаров иш сапары менен Татарстанга кетти

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз