Башкы бетке Рубрикасы жок Садыр Жапаров иш сапары менен Татарстанга кетти

Садыр Жапаров иш сапары менен Татарстанга кетти

0
586

 Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда, XVI БРИКС саммитинин мамлекет башчыларынын жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен Татарстандын Казань шаарына жөнөп кетти.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

— президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
— Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев.

Саммиттин жүрүшүндө көп тараптуулукту бекемдөөгө, бирикменин жаңы мүчөлөрүн интеграциялоого багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат.

Мурунку макалаКыргызстан менен Азербайжандын аскердик кызматташтыгы бекемделет
Кийинки макалаЖогорку Кеңеш «Каркыра» өткөрүү пунктунун иштөө режимин өзгөртүүгө макул

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз