Башкы бетке Рубрикасы жок Кадр даярдоо багытындагы кызматташтык

Кадр даярдоо багытындагы кызматташтык

0
342

Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев Маалымат жана басма сөз күнүнө карата журналисттер менен жолугушту.

Иш-чаранын жүрүшүндө К. Базарбаев агенттик тарабынан аткарылып жаткан иштер тууралуу журналисттерге учкай маалымат берди.

Анын айтымында, Түркия менен Кыргызстандын адистери кадрларды даярдоо боюнча кызматташуу багытында келишимге жакында эле кол коюлду. К. Базарбаев Япония Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Кавамото Хироюки менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жаатында кызматташтыкты бекемдөө боюнча сүйлөшкөнүн айтты.

Ошондой эле Россия Федерациясынын Президентине караштуу Россия эл чарбасы жана мамлекеттик кызмат академиясынын ректору А. Комиссаров менен эки тараптуу кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол койгонун билдирди.

Агенттиктин директору соңунда журналисттерди кесиптик майрамы менен куттуктап, мекеменин Ардак грамоталарын  тапшырды.

 Султан АМАНБАЕВ, “Кыргыз Туусу”

Мурунку макалаСадыр Жапаров: «Чындык ким тарапта экенин эл өзү талдап алат»
Кийинки макалаКыргыз журналистикасынын орду баалуу, ошончолук жоопкерчиликтүү

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз