Башкы бетке Коом Алтынбек Максүтов ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы жетекчиси менен жолукту

Алтынбек Максүтов ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы жетекчиси менен жолукту

0
316

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы жетекчиси Самман Жунг Тапа менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушууда мектепке чейинки балдардын билим берүүсүн өнүктүрүү, жаштар менен тутумдуу иш жүргүзүү, ыктыярчылыкты колдоо жана Ю-Репорт программасына багытталган демилгелер талкууланды.

Министр ЮНИСЕФтин “Балдарды эрте өнүктүрүү борбору” программасын Кыргызстандын китепканалары менен музыкалык мектептеринде ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Алтынбек Максүтов бул программа балдардын нейрондук өнүгүүсүн стимулдап, алардын чыгармачыл жана когнитивдик жөндөмдөрүн калыптандырууда музыка аркылуу чоң роль ойной турганын баса белгиледи. Министрдин пикиринде, музыка балдардын ар тараптуу жана гармониялуу өнүгүүсүндө өзгөчө мааниге ээ болуп, алардын инсандык сапаттарын калыптандырууга оң таасирин тийгизет.

Самман Жунг Тапа бул демилгеге кызыгуу билдирип, ЮНИСЕФ бул маанилүү долбоорду ишке ашырууга керектүү колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

Мурунку макалаЭлчи Руслан Казакбаев Түркиядагы кыргызстандыктар менен жолугушту
Кийинки макалаМалайзияда Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз