Башкы бетке Рубрикасы жок Бишкекте балдардын кардиохирургиялык борборунун курулушу башталды

Бишкекте балдардын кардиохирургиялык борборунун курулушу башталды

0
672

Бүгүн Бишкектеги Улуттук жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунун базасында Балдар жүрөк хирургия бөлүмүнүн жаңы имаратынын курулушуна капсула салынды.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, бөлүмдө жүрөк оорусуна чалдыккан балдар дарыланат жана хирургиялык операциялар жасалат.

Беш кабаттуу бөлүм 75 орунга ылайыкталат. Анын курулушу мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашырылат. Долбоордун жалпы суммасы 375 млн. сомду түзөт. Бөлүм 2025-жылдын март айында пайдаланууга берилет.

Мурунку макала350 млн. сомдук автобекет жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылды
Кийинки макалаКыргызстан менен Кытайдын саясий-экономикалык байланышын бекемдөө талкууланды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз