Башкы бетке Экономика Малайзияда Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди

Малайзияда Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди

0
374

Шах-Алам шаарында Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Анвар Анарбаев Селангор штатынын Аткаруу кеңешинин мүчөсү, штаттын Айыл чарба жана инфраструктура министри Изхам бин Хашим, ошондой эле штаттын ишкерлер тобу менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат малайзиялык тарапка тартууланды. Жолугушуунун катышуучулары мал чарбачылыкты жана этти кайра иштетүү багыттарына басым жасоо менен өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык мамилелерди өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Бул тармактар боюнча конкреттүү инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүү мүмкүнчүлүгүн талкуулоо үчүн жакынкы арада эки өлкөнүн бизнес делегацияларынын өз ара иш сапарларын уюштуруу жөнүндө макулдашылды.

Мурунку макалаАлтынбек Максүтов ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы жетекчиси менен жолукту
Кийинки макалаБишкекте Борбор Азиядагы ЖОЖдордун ректорлорунун форуму өтөт

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз