Башкы бетке Рубрикасы жок Бишкекте Борбор Азиядагы ЖОЖдордун ректорлорунун форуму өтөт

Бишкекте Борбор Азиядагы ЖОЖдордун ректорлорунун форуму өтөт

0
464

20-ноябрда Бишкекте Борбор Азиядагы ЖОЖдордун ректорлорунун форуму өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, форум «Глобалдык чакырыктардын контекстинде Борбордук Азия университеттерин трансформациясы» аталышында өтүп, ага Борбор Азиядагы жогорку окуу жайлардын ректорлорунун катышуусу күтүлүүдө.

Иш-чаранын жүрүшүндө Борбор Азия университеттеринин өз ара аракеттенүүсүнүн жана өнүгүүсүнүн активдүү маселелерин талкуулоо жана чечимдерди кабыл алуу пландалууда.

Ошондой эле, аталган иш-чара билим берүүдөгү жаңы ыкмаларды талкуулоого жана Борбор Азиядагы ЖОЖдордун ортосунда тажрыйба алмашууга арналат.

Мурунку макалаМалайзияда Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилди
Кийинки макалаПрезидент тоолуу Тогуз-Тородо

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз