Башкы бетке Коом Байтик баатыр көчөсүндө капиталдык оңдоо иши аяктады

Байтик баатыр көчөсүндө капиталдык оңдоо иши аяктады

0
486

Бишкек шаарында Байтик баатыр/Жусуп Абдрахманов көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо аяктады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, кечээ, 4-августтан тарта аталган көчөнүн Чүй проспектисинен Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү ачылды.

Байтик баатыр\Жусуп Абдрахманов көчөсү Аалы Токомбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Капиталдык оңдоонун алкагында жол четиндеги бордюрлар алмашылтырылып, асфальт катмары жаңыртылды. 1-катмарына 6 см, 2-катмарына 5 см болгон таш мастик афсальт басылды. Жол боюндагы электр мамыларындагы коммуникациялык зымдарды жер асты менен алып өтүү боюнча жумуштар уланууда.

Белгилей кетсек, Байтик баатыр\Ж.Абдрахманов көчөсүндө капиталдык оңдоо 26-майда башталып, коюлган графиктен бир ай эрте аяктады.

Мурунку макала“Старый Толчок” – “Евразия” базары мамлекеттин балансына кайтарылды
Кийинки макала7 айда салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүнөн 161,3 млрд. сом чогултулган

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз