Башкы бетке Экономика Чолпон-Атага саркынды сууларды тазалоочу жайларды, парктарды курууга $56 млн. бөлүнөт

Чолпон-Атага саркынды сууларды тазалоочу жайларды, парктарды курууга $56 млн. бөлүнөт

0
254

Президент Садыр Жапаров “2024-жылдын 4-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Ысык-Көлдү экологиялык башкаруу жана туризмди туруктуу өнүктүрүү” долбоорун каржылоо боюнча Кредиттик жана Гранттык макулдашууларды ратификациялоо жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 13-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Финансы каражаттар Азия өнүктүрүү банкы тарабынан “Ысык-Көлдү экологиялык башкаруу жана туризмди туруктуу өнүктүрүү” долбоорун ишке ашыруу үчүн 56 млн АКШ доллары, анын ичиде 31 млн АКШ доллары гранттык каражаттар жана 25 млн суммасында АКШ доллары кредиттик каражаттар берилет.

Долбоор менен Чолпон-Ата шаарында саркынды сууларды тазалоонун суткалык көлөмү 14,2 миң метр куб, 150 км канализациялык тазалоочу курулмалар, канализация системасы, 11 км променад (жөө-веложолдору), тарых музей жана 3 эс алуу паркы курулат. Мындан тышкары, Чолпон-Ата шаарында туризм объекттеринин инфраструктуралары жана петроглифтер жайгашкан жерлердин абалы жакшыртылат.

Мурунку макалаБишкекте кыргыз-казак кызматташтыгынын абалы жана келечеги талкууланды
Кийинки макалаБакыт Төрөбаев Сеулда KOICA президенти менен жолугушту

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз