Башкы бетке Коом Кыргыз-түрк парламенттер аралык кызматташтыгы талкууланды

Кыргыз-түрк парламенттер аралык кызматташтыгы талкууланды

0
1347

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты, мурдагы ички иштер министри, азыркы Түркия парламентинин ички иштери боюнча комиссиясынын төрагасы Сулейман Сойлу менен жолугушуу өткөрдү.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушууда парламенттер аралык кызматташуу жана 2024-жылга чейин эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги эки тараптуу иш сапарларды уюштуруу маселелери кеңири талкууланды. Андан сырткары, коопсуздук жана терроризмге каршы аракеттенүү, тараптардын соода-экономикалык жана билим берүү чөйрөлөрүндөгү өз ара аракеттенүү маселелерине да өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу стратегиялык кызматташтыктын күн тартибинин бардык спектри боюнча өз ара байланыштарды улантуу боюнча макулдашууларга жетишилди.

Мурунку макалаЫсык-Көл облусунда 50 чакырымдан ашык СИП зымдары орнотулат
Кийинки макалаЧүй облусунда агроөнөр жай комплекси курулат

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз