Башкы бетке Рубрикасы жок Элчи Эркинбек Осоев Япониянын Нумата шаарынын мэри менен жолукту

Элчи Эркинбек Осоев Япониянын Нумата шаарынын мэри менен жолукту

0
221

Кыргызстандын Япониядагы элчиси Эркинбек Осоев Нумата шаарынын мэри Минору Хошино жана CHIMORI бизнес-ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда тараптар экология, токойлорду калыбына келтирүү, экотуризм жана туруктуу өнүктүрүү боюнча кызматташуунун келечеги талкуулашты.

Элчи Осоев Кыргызстандын “Жашыл Мурас” сыяктуу долбоорлорун тааныштырып, кызматташууну, анын ичинде Нумата менен Жалал-Абаддын ортосунда меморандумга кол коюуну, жыгач иштетүү жана чакан ГЭСтерди куруу боюнча тажрыйба алмашууну сунуштады.

Тараптар мындан аркы талкуу жана тажрыйба алмашуу үчүн сапарларды уюштурууну макулдашты.

Мурунку макалаАкжол Махмудов: “Машыктыруучулардын кызматтан кетиши мен үчүн күтүүсүз болду”
Кийинки макалаШашылыш билдирүү. Кыргызстандын аймагында аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз