Башкы бетке Рубрикасы жок Баткен районунда 68 млн. сомго 15 суу кудугу казылды

Баткен районунда 68 млн. сомго 15 суу кудугу казылды

0
1053

Баткен районунун аймагындагы сугат суу тартыш айылдарды үзгүлтүксүз сугат суу менен камсыздоо максатында, жалпы 15 тике суу кудугунун курулуш иштери жүрдү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, анын ичинен бүгүнкү күндө 8и пайдаланууга берилди, дагы бешөө 1-июлдп пайдаланууга берилет. Ал эми 2 обьектте казуу иштери уланууда.

Белгиленгендей, бул обьекттер үчүн 2023-жылы мамлекеттик бюджеттен облусту өнүктүрүүгө багытталган 500 млн. сомдун эсебинен 68 млн. сом каржыланды.

 

Мурунку макала“Рух Ордо” борборуна кирүү акысы 350 сомго чейин төмөндөтүлдү
Кийинки макалаОштон Ысык-Көлгө аба каттамдары жанданды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз