Башкы бетке Министрлер кабинети Кара-Көл шаарынын экс-мэри кармалды

Кара-Көл шаарынын экс-мэри кармалды

0
595

Кара-Көл шаарынын экс-мэри элди суусуз калтырган деп кармалды.

УКМКнын маалыматына ылайык, шаардык мэриянын кызматкерлери Токтогул районунун Үч-Терек айылынан Кара-Көл шаарынын Кетмен-Төбө айылына чейинки 10 чакырымдан ашык суу түтүк тармагын куруу боюнча «К.Б.» ЖЧКсы менен атайылап пайдасыз келишим түзүшкөнү аныкталган.

Натыйжада мурунку түтүктөр демонтаждалып, сатылып кеткен. Ал эми жаңы тармакты куруу боюнча иштер сапатсыз аткарылып, мындан улам түтүктөр жараксыз болуп, Кетмен-Төбө айылы 10 жылдан ашык убакыттан бери таза суу менен камсыздалбай келишкен.

УКМК азыр кылмышка тиешеси бар башка адамдар аныкталып жатканын кошумчалады.

Мурунку макалаКасымалиев Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгына арналган конференцияга катышты
Кийинки макалаКыргызстанда «Бурана – Баласагын» этно шаары салынат

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз