Башкы бетке Рубрикасы жок Касымалиев Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгына арналган конференцияга катышты

Касымалиев Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгына арналган конференцияга катышты

0
559

Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгына арналган “Кытай: кечээ, бүгүн, эртең” аттуу илимий-практикалык конференцияга катышты.

Адылбек Касымалиев Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы экономикалык мамилелердин өнүгүү динамикасына токтолду. Ал белгилегендей, акыркы жылдары эки өлкөнүн кызматташтыгы кыйла кеңейип, соода, инвестиция жана инфраструктуралык долбоорлор сыяктуу тармактарды камтыйт. «Биз өз ара соода агымынын олуттуу өсүшүн жана биздин аймактын экономикалык өнүгүшүнө салым кошкон биргелешкен ири демилгелерди ишке ашырууну көрүп жатабыз», — деп кошумчалады ал.

«Кытай Эл Республикасынын негизделгенинин 75 жылдыгы Кытайдын тарыхындагы маанилүү окуя гана эмес, биздин өлкөлөр ортосундагы бекем жана достук мамилелердин символу», — деп баса белгиледи минкаб төрагасынын биринчи орун басары. Ал ошондой эле экономикалык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү Кыргызстандын да, Кытайдын да туруктуулугуна жана гүлдөп-өнүгүшүнө салым кошоруна ишенимин билдирди.

Сөзүнүн аягында Адылбек Касымалиев чогулгандарды Кытайдын башкы улуттук майрамы менен куттуктап, достук маанайдагы элине тынчтык жана бакубатчылык каалады.

Мурунку макалаБишкектин жол оңдоого тоскоол болгон объектилер демонтаждалды
Кийинки макалаКара-Көл шаарынын экс-мэри кармалды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз