Башкы бетке Рубрикасы жок «Манас» университетинин кампусунда окуучулар конокто

«Манас» университетинин кампусунда окуучулар конокто

0
1411

Бишкектеги №72 Абдыкерим Сыдыков атындагы мектеп-гимназиясынын окуучулары Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын ачылышынын 104 жылдыгын жана 23-апрель Улуттук эгемендүүлүк жана балдарды коргоо күнүн “Манас” университетинде өзгөчө шаң менен белгилешти.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан жаш жеткинчектерди чоң кубаныч менен тосуп алып, бул күнү кызматтык креслосун 1-класстын окуучусу Сумая Сакмурзаевага тапшырды. Сумая Сакмурзаева университетте балдар убакыт өткөрө турган аянтчалардын санын көбөйтүүлөрүн каалады.

Майрамдын алкагында башталгыч класстын окуучулары “Манас” университетинин проректору жана башкы катчысы менен да жолугушушту.

Жолугушуудан кийин Алпаслан Жейлан балдар менен биргеликте “Манас” университетинин социалдык курулуштар имаратында тамактанып, 23-апрель Улуттук эгемендүүлүк жана балдарды коргоо күнүнүн кубанычына ортоктош болду.

Мурунку макалаИштөөгө ыңгайлуу болсо, иштин сапаты да жакшырат
Кийинки макалаКыргызстанда президенттин саясатын колдоо деңгээли 82%ды түздү

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз