Башкы бетке Рубрикасы жок Кыргызстанда президенттин саясатын колдоо деңгээли 82%ды түздү

Кыргызстанда президенттин саясатын колдоо деңгээли 82%ды түздү

0
1396

Эл аралык республикалык инститтуттун (IRI) изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда президенттин саясатын колдоо деңгээли 82%ды түздү. Бул тууралуу президенттин администрациясынын коллегиялык жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Ал белгилегендей, бул чындап эле бийликтин мындан аркы тайманбас реформаларды жүргүзүүгө берген күчтүү мандаты.

«Менин түшүнүгүм боюнча, бул бүгүнкү күндө бир гана биздин өлкөнүн тарыхында эле эмес, дүйнө жүзүндө да реалдуу рекорддук деңгээл. Биз президенттин командасы, социалдык-экономикалык чөйрөдөгү жетишилген прогрессивдүү өнүгүүлөр менен сыймыктанабыз. Биз ички дүң продукцияны (ИДП) эки эсеге көбөйттүк. Экономикалык өсүштүн темпи акыркы үч жылда орточо эсеп менен 7%дан ашты (2021 – 5,5%; 2022 – 9%; 2023 – 6,2%), бул экономиканын акырындык менен постковиддик мезгилден жана геосаясий кырдаалдардан кийин адаптация болуп жатканын, туруктуу өнүгүүгө карай баратканын көрсөтүп турат. 2023-жылы экономиканын бардык секторунда өсүш байкалды: курулуш тармагындагы өндүрүш 10,3%, кызмат көрсөтүү чөйрөсү 6,2%, өнөр жай 2,7%, айыл чарбадагы өсүш 0,6%ды түздү.

ИДП киши башына дээрлик 2 миң долларды түздү», — деди Жапаров.

Мурунку макала«Манас» университетинин кампусунда окуучулар конокто
Кийинки макала24.04.24 датасында Кыргызстанда 317 түгөй баш кошту

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз