Башкы бетке Рубрикасы жок Ысык-Көл облусунда 50 чакырымдан ашык СИП зымдары орнотулат

Ысык-Көл облусунда 50 чакырымдан ашык СИП зымдары орнотулат

0
1411

Ысык-Көл облусунда 50 чакырымдан ашык эскирген 0,4 кВ зымдары реконструкцияланат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл электр тармактары ишканасында эскирген электр зымдарын реконструкциялоо иштери башталды. Реконструкциянын алкагында 0,4 кВ алюминий зымдары жаңы заманбап СИП зымдарына алмашылат.

Жалпысынан облус боюнча 50 чакырымдан ашык СИП зымдарын орнотуу иштери жүргүзүлөт. Анын ичинен:

  • Каракол РЭТине — 10 чакырым;
  • Балыкчы РЭТине — 10 чакырым;
  • Түп РЭТине — 10 чакырым;
  • Жети-Өгүз РЭТине — 6 чакырым;
  • Тоң РЭТине — 3 чакырым;
  • Ак-Суу РЭТине — 1,5 чакырым СИП зымдары бөлүштүрүлгөн.

СИП зымдардын өзгөчө артыкчылыгы табигый факторлорго дуушар болбой тургандыгында. Катуу шамал болгондо зымдардын кыска туташууларга жана электр энергиясынын үзгүлтүккө учурашына алып келбейт. Изоляцияланган зымдар кардын жабышып калышына жана музга азыраак дуушар болушат.

Мурунку макалаРоссияда поезд кырсыкка учурап, 3 адам каза болду
Кийинки макалаКыргыз-түрк парламенттер аралык кызматташтыгы талкууланды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз