Башкы бетке Рубрикасы жок Бактыбек Чойбеков мандатынан ажыратылат

Бактыбек Чойбеков мандатынан ажыратылат

0
3558
Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Чойбековдун административдик соттун чечимине каршы берген арызын канааттандырган жок.

Буга чейин борбордун административдик соту эки жыл мурда Таласта болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп таап, депутаттыкка талапкер Эмилбек Абдыкадыровдун берген арызын канааттандырган.

Бишкек шаардык соту административдик соттун чечимин күчүндө калтырды.

22-февралда шаардын экс-мэри Эмилбек Абдыкадыров талапкер Бактыбек Чойбеков боюнча шайлоонун жыйынтыгын карап чыгып, жараксыз деп табуу өтүнүчү менен БШКга кайрылган. Ал арызында Талас районунан талапкер болгон Бактыбек Чойбеков шайлоо учурунда добуш сатып алганын жана бул фактылар аныкталганын белгилеген.

Эскерте кетсек, Эмилбек Абдыкадыров 2021-жылы Талас облусу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон. Бирок бул облустан эң көп добушту Бактыбек Чойбеков алган — 34,65 пайыз. Учурда ал парламенттин VII чакырылышынын депутаты.

Мурунку макала2024-жылдын I кварталында Кыргызстандын экономикасынын өсүшү 8,8% түздү — Акылбек Жапаров
Кийинки макалаАйбек Джунушалиев робототехника боюнча чемпионаттын жеңүүчүлөрү менен жолугушту

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз