Башкы бетке Рубрикасы жок 2024-жылдын I кварталында Кыргызстандын экономикасынын өсүшү 8,8% түздү — Акылбек Жапаров

2024-жылдын I кварталында Кыргызстандын экономикасынын өсүшү 8,8% түздү — Акылбек Жапаров

0
1494

2024-жылдын биринчи кварталында Кыргызстандын экономикасынын өсүшү 8,8%ды түздү, Кумтөр кенин эсепке албаганда — 9,8%. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында өнүгүү темпин тездетүү саясатынын натыйжалуулугун көрсөтөт.

«Бул жөн эле сандар эмес. Бул президенттин командасынын акыркы үч жылдагы күжүрмөн эмгегинин натыйжасы. Биз туура жолдо баратабыз жана биздин милдет – траекторияны сактап калуу, алдыга жылуу, мамлекеттик инвестицияларды көбөйтүүгө жана адамдык капиталды өнүктүрүүгө артыкчылык берүү. Биздин максат – Кыргызстандын туруктуу келечегин түзүү, анда ар бир жаран өз потенциалын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот», – деди ал.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын биринчи кварталынын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу өсүү темпи 3 эсеге жогору.

Мурунку макалаКурулуш компанияларына айып пул салынды
Кийинки макалаБактыбек Чойбеков мандатынан ажыратылат

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз