Башкы бетке Министрлер кабинети 353 га өнөр жай багытындагы жер мамлекетке кайтарылды

353 га өнөр жай багытындагы жер мамлекетке кайтарылды

0
416

Чүй облусунда базар баасы 4 млрд. 7 млн. 77 миң сомду түзгөн 353,3 га өнөр жай багытындагы жерлер мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан Кемин районундагы мурда мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик объектилерди аныктоо жана кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, базар баасы 4 млрд 7 млн. 77 миң сомду түзгөн 353,3 га өндүрүштүк жерлер аныкталып, мамлекеттин балансына Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине (ММБМА) кайтарылды.

Тиешелүү текшерүү иштеринин жүрүшүндө, КР ЖКнын турак-жай комплексинин мурдагы депутаты М.Н.К. аффилирленген компаниялар аркылуу мамлекеттик өнөр жай жерлерин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп беришкен.

Учурда УКМК КР мамлекеттик мүлкүн мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын аныктоо боюнча иштерди улантууда.

Мурунку макалаКыргызстанга РФ Мамлекеттик Думасынын төрагасы келет
Кийинки макалаӨкмөт жайкы Паралимпиада оюндарына барчу кыргызстандык спортчуларды узатты

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз