Башкы бетке Саясат Кыргызстанга РФ Мамлекеттик Думасынын төрагасы келет

Кыргызстанга РФ Мамлекеттик Думасынын төрагасы келет

0
378

Кыргызстанга иш сапары менен Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин келет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиевдин Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасынын орун басары Борис Чернышов менен жолугушуусунда маалым болду.

Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришкендей, тараптардын жолугушуусу күн мурун Чолпон-Ата шаарында өттү.

Анда Россияга барууну пландаган кыргызстандыктар үчүн миграциялык борбор түзүү, этностор аралык байланыштарды чыңдоо жана Россиянын аймагында иштеп жана жашап жаткан кыргызстандыктардын көйгөйлөрүн чечүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Борис Чернышов Мамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володиндин Кыргызстанга болчу сапары тууралуу айтып берип, бул эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө маанилүү окуя боло турганын белгиледи.

Мурунку макалаКыргызстанда кытай компаниясынын катышуусунда жер семирткич чыгарган завод курулат
Кийинки макала353 га өнөр жай багытындагы жер мамлекетке кайтарылды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз