Башкы бетке Коом Чолпон-Атада Борбор Азия өлкөлөрүнүн ӨКМ жетекчилеринин форуму өтүүдө

Чолпон-Атада Борбор Азия өлкөлөрүнүн ӨКМ жетекчилеринин форуму өтүүдө

0
474

Чолпон-Ата шаарында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин жетекчилери баштаган делегаттардын регионалдык форуму өтүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Министрлер жыйында климаттын өзгөрүшүн, өзгөчө кырдаалдарга туруштук берүү жана алдын алууну, табигый кубулуштарга мониторинг, божомолдоо жүргүзүүнү, кырсыктардын тобокелдигин азайтууну талкуулап жатат.

Ага Казакстандын, Өзбекстандын ӨКМ башчылары, Тажикстандан министрдин орун басары жана БУУнун Кыргызстандагы кеңсесинин туруктуу координаторунун, Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун өкүлдөрү катышууда.

Мурунку макалаСүлүктү шаарында Маданий борбор курулууда
Кийинки макалаБишкек музыкалык-педагогикалык институтуна жаңы директор дайындалды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз