Башкы бетке Коом Экологиялык эрежелерди бузган ишканаларга айып пул салынды

Экологиялык эрежелерди бузган ишканаларга айып пул салынды

0
102

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Чүй облусунундагы ишканаларды пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүздү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында экологиялык нормаларды одоно бузуу фактылары аныкталып, бир нече ишканалардын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулуп, айыптар салынган. 

– «Байтик курулуш» ЖЧКсы, «ЖКЗ» ЖЧКсы, «Илина Групп» ЖЧКларына 17 000 сом айып салынды;

– «Ысык-Көл Дорстрой» ЖЧКсына жана «ОКЗ» ЖЧКсына мыйзам бузууларды жоюу милдети менен 28 000 сом айып салынды.

Мындан тышкары, «Байтик курулуш», «Илина Групп», «ОКЗ» жана «Ысык-Көл Дорстрой» ишканаларынын иши сезондуу болгондуктан убактылуу токтотулган.

Белгиленгендей, буга чейин инспекторлор ишканаларга расмий эскертүүлөрдү берип, андан соң газ жабдыктарын тазалоочу системаларды орнотуп, жыйынтыгында абанын булганышы бир топ азайган.

Мурунку макалаСадыр Жапаров Караколдогу жаңыланып оңдолгон аскер бөлүгүнө барды
Кийинки макалаЗардалы айылына электр жарыгы берилди

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз