Президент Садыр Жапаров кечээ, 24-сентябрда АКШнын Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушту.
Тараптар соода-экономикалык, энергетикалык жана транспорттук-логистикалык тармактарда кызматташууга тиешелүү маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.
Президент Садыр Жапаров эки тараптуу байланыштарды мындан ары тереңдетүүнүн, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Өз кезегинде Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух бардык багыттар боюнча кызматташууну активдештирүүгө даярдыгын билдирип, илим, билим берүү жана экология чөйрөсүндө өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн айта кетти.


