Башкы бетке Рубрикасы жок Садыр Жапаров Финляндиянын президенти Александер Стубб менен жолугушту

Садыр Жапаров Финляндиянын президенти Александер Стубб менен жолугушту

0
562

Президент Садыр Жапаров кечээ, 24-сентябрда АКШнын Нью-Йорк шаарында Финляндиянын президенти Александер Стубб менен жолугушту.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 2027-2028-жылдарга карата туруктуу эмес мүчөлүгүнө ат салышып жатканын билдирип, Кыргызстандын талапкерлигин колдоо өтүнүчү менен кайрылды.

Өз кезегинде Финляндиянын президенти Александер Стубб эл аралык коопсуздукту чыңдоого багытталган демилгелерди колдоого даяр экенин айтып, көп тараптуу эл аралык уюмдардын алкагында кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий өз ара аракеттенүүнүн мындан ары да бекемделишине ишенимин билдиришти, бул эл аралык аренада жалпы максаттарга жетүүгө өбөлгө түзмөкчү.

Мурунку макалаСадыр Жапаров Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жолугушту
Кийинки макалаБыйыл Өзбекстанга Кыргызстандан 1,4 млн. турист барган

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз