Башкы бетке Коом Бишкекте көчөттөрдүн жаңы түрлөрү отургузулат

Бишкекте көчөттөрдүн жаңы түрлөрү отургузулат

0
471

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы астында борбор калааны көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча аткарыла турган иштер тууралуу жыйын болуп өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, «Бишкекжашылкурулуш» жана «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканаларына илимий сунуштарды эске алуу менен жашыл көчөттөрдүн жаңы түрлөрүн отургузууну кароо милдети коюлду.

Бишкек мэриясынын Муниципалдык инспекциясына өз ыйгарым укуктарынын алкагында, тактап айтканда, жашыл аймакта унаа токтотуучу жайларды көзөмөлдөө, анын айланасын тазалоо жана жашылдандыруу, таштандыларды туура эмес жерге ыргытуу фактыларын аныктоо боюнча ишти күчөтүү тапшырылды.

Мурунку макалаБишкектин борбордук бөлүгүндө көчөлөр убактылуу жабылат
Кийинки макалаАкылбек Жапаров «Яндекстин» башкы директору менен жолукту

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз