Башкы бетке Коом Бишкекте жаза аткарууда экстремизм идеологиясынын жайылышын алдын алууга багытталган конференция өтүүдө

Бишкекте жаза аткарууда экстремизм идеологиясынын жайылышын алдын алууга багытталган конференция өтүүдө

0
312

Бишкекте “Пенитенциардык мекемелерде экстремизмдин пайда болушу жана жайылышынын алдын алуу, террористтик мүнөздөгү кылмыштар үчүн соттолгондорду дерадикалдаштыруу жана ресоциалдаштыруунун актуалдуу маселелери: эл аралык тажрыйба жана инновациялык мамилелер” аталышындагы аймактык илимий-практикалык конференция өтүүдө.

Конференцияны юстиция министри Аяз Баетов ачып, бүгүнкү күндө түзөтүү тутумдарында экстремисттик багыттагы терс аракеттерге каршы күрөшүү Кыргызстанда гана эмес аймактагы көйгөйлүү маселе экендигин белгиледи.

Иш-чарага Өзбекстан, Тажикстан жана Казакстандан келген тиешелүү адистер, министрликтин жана Жазаларды аткаруу кызматынын өкүлдөрү катышып, доклад жасоодо.

Белгилей кетсек, иш-чара Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы тарабынан БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы менен биргеликте уюштурулган.

Мурунку макалаКамчыбек Ташиевге жашыруун кат жазган жаран кармалды
Кийинки макалаБелгилүү хирург Эрнст Акрамов көз жумду

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз