Башкы бетке Коом Бишкектин борбордук бөлүгүндө көчөлөр убактылуу жабылат

Бишкектин борбордук бөлүгүндө көчөлөр убактылуу жабылат

0
504
26-мартта Бишкектин борбордук бөлүгүндө көчөлөр убактылуу жабылат.
Чектөө Кыргызстан менен Кытайдын Тайбэй футбол боюнча курама командаларынын беттешине байланыштуу киргизилүүдө. Оюн 2026-жылы дүйнө чемпионатына тандоо раундунун алкагында Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо орун алат. Беттеш саат 20:00дө башталат.
Саат 14:00дөн оюн аяктаганга чейин төмөнкү көчөлөр жабык болот:
Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү;
Фрунзе көчөсүнүн Манас проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү.
Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды түшүнүү менен кабыл алууга жана алдын ала маршруттук каттамдарды пландоого чакырат.
Мурунку макалаПрезидент «Кыргызжылуулукэнерго» ишканасынын ишмердүүлүгүн модернизациялоону тапшырды
Кийинки макалаБишкекте көчөттөрдүн жаңы түрлөрү отургузулат

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз