1993-жылы 7-майда КРнын Жогорку Кеңеши “Кыргыз Республикасынын граждандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө” №1197- XII токтом чыгарган. Аталган мыйзамдын 5-пунктунда бул документ Чернобыль апаатынан тышкары ядролук объектилерде радиациялык ооруга чалдыккан же радиациялык авариялардын жана алардын кесепеттеринин натыйжасында, ошондой эле ядролук түзүлүштөрдүн ар кандай түрлөрү, анын ичинде ядролук курал менен байланышкан сыноолордун, машыгуулардын жана башка иштердин натыйжасында майып болгон адамдарга да тиешелүү экендиги көрсөтүлгөн.
2024-жылы 12-апрелде КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине № М-410 арыз менен Семипалатинск полигонунда аскерде кызмат кылгандардын атынан кайрылгам. Министрлик мага эки ирет жооп берген. Биринчисинде, КР Социалдык фондго кайрылуумду айтышса, экинчисинде 1993-жылдын 7-майдагы №1197- XII мыйзамдын Семипалатинск полигонунда кызмат кылгандарга тиешеси жок экендигин белгилеп, Чернобылчылардан башкаларга төлөнбөйт деп жооп берип жатышат.
Ошондой эле арыз менен КР коргоо министрине 17.04.2024-ж. кайрылгам. Коргоо министринин биринчи орун басары генерал-майор Э.Д.Тердикбаев да КР Социалдык фондуна кайрылуумду жана Улуттук госпиталга караштуу медико-дозиметриялык регистр аркылуу аныкталаарын билдирип жооп берген. Бирок коргоо министри генерал-лейтенант Б.А.Бекболотов менин кайрылуумдун негизинде КР ЖК депутаты В.К.Райымбачаевага берген катында, 7-майдагы 1993-ж. №1197- XII токтомдо каралгандыгын белгилейт.
Ушундай тоскоолдуктардан өтүп келип, бул мыйзамды аныктоо үчүн КРнын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Н.Т.Шакиевге 7-май 1993-ж. №1197- XII токтомго түшүндүрмө берүүсүн өтүнүп, 14.05.2024-ж № 12-3791 кат жолдодум эле. Мындан тышкары Н.Т.Шакиевдин мени кабыл алуусун өтүнүп арыз менен кайрылгам. Азырынча жооп келе элек.
Кызыгы, Төрагадан жооп күтүп жатсам, ал үчүн Сокулук райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы 7-май 1993-ж. №1197- XII токтомдо мындай каралган эмес деп жооп берип ийиптир. Мындан тышкары КР Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен Ж.Б.Рысбекова Жогорку Кеңештин Төрагасынын атынан жана КР Президентинин атынан мага мурунку эле жоопту кайтарды.
Бул маселе боюнча ушул убакытка дейре ЖКнын мурдагы Төрагалары Д.А.Жумабековго жана А.Жээнбековго да кайрылган элек, социалдык фонддо акча жок өңдүү, ж.б. шылтоолорду айтып мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолор кийрилбей калган.
Акыркы он эки жыл ичинде барбаган министрлик жана КР ЖКдагы ишенген депутаттар калбады. Бийлик бутактарына кайрылуу жасаганда Казакстандын жана Россия Федерациясынын мыйзамдарын мисал келтирип кайрылчубуз. Неге дегенде, Семипалатинск полигонунда кызмат өтөгөндөргө аталган өлкөлөрдө мыйзам менен жеңилдиктер каралган. Бизде антип мыйзам менен корголгон жеңилдиктер жок. Ушул жерден, эмнеге чернобылчыларга жана афганчыларга мыйзам менен жеңилдиктерди карайбыз да, семейчилерди – Семипалатинск полигонунда кызмат кылгандарды унутуп калабыз деген мыйзам ченемдүү суроо жаралат.
Учурунда баарыбыз Союзга кызмат өтөгөнбүз. Анын ичинде Афганистанда, Семипалатинскиде чогуу болгонбуз, Чернобылдын кесепеттерин чогуу жойгонбуз. Андай болгондо, коңшу мамлекеттерде иштеп жаткан мыйзам бизге да иштеши керек эле.
1949-жылдан 1989-жылга чейин Семипалатинск полигонунда 473 ядролук жардыруу жүргүзүлгөн, 90 жолу аба мейкиндигинде, 26 жолу жер үстүндө, 352 жолу жер алдында ядролук куралдарды сыноо жардыруулары болгондугу анык, ал эми жашыруун жардыруулары канча экени белгисиз.
Мындан тышкары 175 жолу химиялык кошулмалар менен жардыруу жүргүзүлгөн, анын ичинен 44 жолкусу ондогон тоннадан ашык дүрмөттөр (заряд) болгон.
1964-жылдан 1989-жылга чейин, Семипалатинск полигонунда 352 жолу жер алдында ядролук куралдарды жардыруу жүргүзүлгөн. Алардын ядролук кубаттуулугу 150 килотоннадан ашык болгондугу ачыкталды. Кыскасы, бардык жардыруу-лардын суммалык кошулмасы 50 мегатоннадан ашык болгон. Нагасаки менен Хиросимага ташталган атом бомбасына салыштырмалуу 2500 эсе, Чернобылдагы жарылууга салыштырсак кубаттуулугу 90 гк көп болгон. Ушул бардык жардыруулардын радиоактивдүү чаңдары (осадкалары) Казакстандагы Семипалатинск аймагына таркап түшкөн десек жаңылышпайбыз.
Андан тышкары биз кызмат өтөгөн бөлүк Аба мейкиндигин коргоо (ПВО) бөлүгү болчу, Союз учурунда бул бөлүктүн жабдууларынын бардыгы лазердик нур чыгаруучу жабдуулар менен жабдылган.
Ошондуктан Казакстанда ал аймакта жашаган граждандык жашоочуларына жана Россия мамлекети бул аймакта кызмат өтөгөн жарандарына социалдык жактан жеңилдиктер берилген, кыскасы, эркектер 50 жаштан пенсияга чыгышат, жылыга курорт, санаторияга барышат. Дене организмдерин калыбына келтирүү үчүн бир жылдык пособие, пенсияга кошумча каражат каралган. Жашоочулардын кайсыл жылдары кандай нурлануу болгондугун жана калк канча нурлануу кабыл алгандыгын аныктап туруу үчүн өзүнчө Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Семипалатинск шаарында радиациялык медицина жана экология илимий-изилдөө институту деген илимий мекеме иштейт.
Казакстандан алынган аныктамалардагы айырманы көрсөңүз, анан байкайсыз жарандарга берген институттун сооротмо көрсөтмөсү 0,5 сЗв жана коргоо министринин 7-35 бэр көрсөтмөсү.
Мен 60 жаштан 2171 сомго 36 жылдык эмгек стажысы менен пенсияга чыктым, азыркы учурда 5,5 миң сом болду. Бул акча же жашоо-тирликке жетеби же дары-дармекке жетеби?
Кудайга шүгүр, акыркы жылдары мамлекетке оомат келди. Бюджетте акча кеңири. Мурда курулбаган мектептер курулуп, жолдор салынып жатат. Өзгөрүү көз көрүнөө. Демек, парламент семейчилер үчүн тиешелүү мыйзам долбоорун карап, кабыл алып берсе, өкмөт каржы маселесин чечип бермек деген ойдобуз.
Семейчилер – Семипалатинск полигонунда аскердик кызмат кылгандар радиацияны чернобылчылардан көп алса алды, асты аз алган жок. Демек, социалдык адилеттүүлүк орнойт деген ишенимдебиз.
Эсенбек МАЛАБЕКОВ,
Бишкек шаары


