Тоолор кулабайт” аттуу ырымды Чыңгыз Айтматов дүйнөдөн өткөн каралуу күндөрдө: “Залкар жазуучу соңку романын “Тоолор кулаганда” деп атап катуу жаңылышты, тоолор да кулачы беле” – деген ойдон улам жазгам.
Адатта, кыргызда “тоолор бөксөрбөйт” деп айтылат. Тоону кулайт дебейт, тоону көчтү дейт, жарды урады дейт. Асти кулабайт.
Тоодогу аскалар кулашы мүмкүн, тоо бетинде өскөн карагайлар кулашы мүмкүн, тоолуу өлкөлөрдү башкарган падышалар кулашы мүмкүн, цивилизациялар, мамлекеттер, элдер, шаарлар жер бетинен жексен болуп, изи да калбай өчүшү мүмкүн.
А тоолор менен талаалардын жөнү башка.
“Тоолор кулабайт” – залкар талантка арналуу ыр. Чыңгыз Айтматов да тоо болчу. Ал дүйнөдөн өттү. Бирок, ал өлгөн жок, Айтматов деген аалам, Айтматов деген улуу тоо кала берди. Улуу тоолор кулабастыгынын сыры ушул жакта. Эмесе, чогуу окуп көрөлү.
Тоолор кулабайт
Көчмөн элдин жашоосун –
элестетүү мүмкүн эмес тоолорсуз,
Талааларсыз элестетүү мүмкүн эмес
көчмөндөрдүн тагдырын –
Бул жупуну элдин үмүт-тилеги, ишеними да
улуу тоолор, талаалардан башталат.
Мен тирүүлүк жөнүндө ойлогондо:
Тоолор биздин дүйнө тааным,
тагдырыбыз, жашообуз экенине ынанам.
Биз тоолордо, тоолор менен
курчалган
талааларда жашайбыз.
Дарыялар да ак мөңгүлүү
улуу тоодон баштайт узак жашоосун,
Жашоо антип нугу менен жай агып,
күн чыгат да, күн батат.
Жаз, жай, күз, кыш эмес, кылым,
доорлор алмашат.
Анан бир күн дарыялар соолуп,
көлдөр чөлгө, чөлдөр элсиз ээндикке айланат,
адам эмес, бүтүндөй бир улуттар
жер үстүнөн дайыны жок кетишет.
Калааларды жер менен жер
талкалашат, өрттөшүп,
из калтырбай, курсактагы баланы да
жарып алып мууздашат.
Акыл-эсти өчүрүп,
а жүрөктү өлтүрүүгө жандалбастап, шашышат.
Адамдан өткөн айкөл жок,
адамдан өткөн канкор жок.
Бир күнү бетин көрсөтүп,
бир күнү салган далысын,
Бар экен да, жок экен да деп башталган
жомок сыңар бул дүйнө.
Жаңылышат тоолор кулайт дегендер,
Улуу тоолор эч убакта кулабайт,
талааларды тегиздеген акмактарды көрбөпмүн.
Акыл-эсти өчүрүүгө, а жүрөктү өлтүрүүгө мүмкүнбү?
Кийин-кийин “Тоолор кулабайт” аталышындагы китебим жарык көргөндө, китеп тууралуу маалыматты фейсбуктагы баракчама коер замат эсил кайран Жаныбек Жанызак байке: “Эй, бала. Эмне эле Айтматовго таш ыргытып жатасың?” – деп мени кекетип комментарий жазып жатпайбы. Мен да куру калганым жок: “Мен Айтматовго таш ыргыткан-эткеним жок. Биз, баарыбыз сиз ыргыткан таштарды терип жүрбөйбүзбү”, – деп анын “Ч.Айтматовдун айымдары” аттуу китеп жазып, улуу жазуучунун шейшебин аңтарганын кыйыттым да: “Сиз окубай туруп ой айткандардын катарында турбайсызбы. Оболу, китепти барактап коюңуз” – дедим. Кийин бир жолугушканда: “Мен баягыда сага агалык кылып күпүлдөп коюпмун” – деп күлдү эле. Кайран киши оюндагысын жымсалдабай, кагазга оробой, бетке айтчу эмес беле.
Көп эле ырларды жаздым. Ошол опон-топон ырлардын арасынан ушул ыр мага өзгөчө жагат. Ошондон улам, бул ырды ар кандай аудиторияларда окудум. “Беш акында” – Кыргыз эл акындарынын, жөн акындардын алдында окуп бердим.
Кесиби токойчу Сазыкбай Турдумалиев: “Болот, “Тоолор кулабайт” китебиңде “жан” бар. Аны айрымдар он жолу оң-тетирисинен окуса да түшүнбөшү мүмкүн. Мен бир окуганда эле түшүндүм” – деди эле. Сазыкбай абам да тоо киши эле. Адабиятка тиешеси жок адамдардан да ушул сөздү көп угам. Анда адабий чөйрөнүн “Тоолор кулабайтты” кабыл ала албаганынын сыры эмнеде?
Бул ырда менин ырларыма мүнөздүү келген “акыл үйрөтүүчүлүк” жок. “Жашоо” бар. Мында көчмөн элдин жашоосун тоолорсуз жана талааларсыз элестетүүгө мүмкүн эмес, тоолор биздин жашообуз, дүйнө таанымыбыз, жашоо образыбыз деген ишеним, ынаным жана бүтүм бар.
Биз чөлдүн адамы эмеспиз. Биз деңиз жээктеп жашаган эл эмеспиз. Биз шаарларга кысылып, төрт дубалдын ортосуна камалбай эле жашап келгенбиз. Тоолор кулабайт, адам канчалык акмак болсо да, талааларды тегиздебейт, биздин акыл-эсибизден биздин улуу тоолордо, тоолор менен курчалган талааларда жашаган эл экенибизди эч ким өчүрө албайт, тоолорсуз жана талааларсыз биз эч ким эмеспиз деген ойду айткым келген.
Тек (ген) – бул кайталангыс нерсе. Улуу кубулуш. Улуу чакырык. Теги кыргыз, кыргыздын каны бар ар бир адам баласынын канында Манас бар. Кыргыздын ар бир баласы – манасчы. Манас менен ажырагыс. “Тоолор кулабайт” дегендин түп мааниси ушул жакта.
Бүгүн биз бирибиз батышчыл, бирибиз арапчыл, бирибиз орусчул болуп, идея талашып, ишеним талашып жакалашып жатабыз. Бул да түшүнүктүү, бул да кечиримдүү.
Нары урунабызбы, бери урунабызбы, биз, баарыбыз жана ар бирибиз “Манас” айтпаган манасчыларбыз. Ар бирибизде Манастын каны бар. Абыке-Көбөштүн каны да жок эмес. Жашоо мына ошонусу менен кызык. “Тоолор кулабайттын” маңызы ошол жакта.
Ар бир кыргыз баласынын көкүрөгүндө Манас жашашы керек, ар бир кыргыз баласы өзүнүн Манасын жаратыш керек. Ансыз биз эч ким эмеспиз. Манасы жок кулбуз, Манасыбыз жок тентиреген тексизбиз. “Тоолор кулабайттын” философиясы ошол.
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”


