Башкы бетке Коом Тарыхый окуялар

Тарыхый окуялар

0
30

 

Негизги окуялар Доору
Түптөгү кулактардын козголоңу. 1919-жыл
Куршаб, Базар-Коргон, Көгарт болуштуктарындагы кулактардын козголоңу. 1919-жыл, сентябрь
Нарын уездиндеги ак гвардиячыл кулактардын козголоңу. 1920-жылы, 5-ноябрь
Өз алдынча Тоолуу кыргыз облусун түзүү аракети. Түндүк Кыргызстандагы жер-суу реформасы. 1921-22-жылдар
Тоолуу Кыргыз облусун уюштуруу курултайынын таркатылышы. 1922-жыл, 4-июнь
Кара Кыргыз автономиялык облусун түзүү жөнүндө ББАКтын токтому. 1924-жыл, 14-октябрь
«Эркин Тоо» гезитинин чыга башташы. 1924-жыл, 7-ноябрь
Кыргыз автономиялык облусунун убактылуу админис-тративдик структурасы – 4 округдун уюшулушу (Пишпек, Каракол, Жалал-Абад, Ош). 1924-жыл, декабрь
Кара Кыргыз АОнун Кыргыз АО деп аталышы. 1925-жыл, май
Кыргыз автономиялык Республикасын түзүү жөнүндө ББАКтын чечими. 1926-жыл, 1-февраль
Кыргыз АССРинин уюштуруу курултайы. 1927-жыл, 7-март
Түштүк Кыргызстандагы жер-суу реформасы. 1927-28-жылдар
Кыргыз АССР Советтеринин 2-курултайында республиканын биринчи Конституциясынын кабыл алынышы. 1929-жыл, 30-апрель
Кыргыз драма театрынын ачылышы. Республиканын райондук жана шаардык бөлүштүрүүгө өтүшү. 1930-жылы
Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунун уюшулушу. 1933-жылы
Кыргыз мамлекеттик зооветеринария институтунун уюшулушу. 1933-жылы
Кыргызстан жазуучуларынын курултайы. 1934-жылы
Кыргыз мамлекеттик мугалимдер институтунун уюшулушу. 1935-жылы
Кыргыз ССРинин түзүлүшү. Кыргыз мамлекеттик филармониясынын уюшулушу. 1936-жылы
Кыргызстан Советтеринин чукул чакырылган 5-курултайында Кыргыз ССРнин Конституциясынын кабыл алынышы. 1937-жыл, 23-март
Сталиндик репрессиянын жүрүшү. 1937-38-жылдар
Биринчи жолу Кыргыз ССРинин Жогорку Советине шайлоолордун өтүшү. А. Толубаевдин Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин Президиумунун биринчи төрагасы болуп шайланышы. 1938-жылы
Москвадагы Кыргызстандын адабияты менен искусствосунун он күндүгү. 1939-жылы
Ири сугат курулуштарынын кулач жайышы. 1939-40-жылдар
Латын алфавитинен орус алфавитине өтүү. 1940-жылы
Чоң Чүй каналынын курула башташы. 1940-жыл, 10-май
Улуу Ата Мекендик согуштун мезгили. 22-июнь, 1941-жыл,
9-май, 1945-жыл
28 баатыр панфиловчулардын Москванын алдындагы эрдиги. 1941-жыл, 16-ноябрь
Кубат Жуматаев, Чолпонбай Түлөбердиев, Күмөн Болотов, Дайыр Асановдун ж.б. эрдиктери. 1942-43-жылдары
Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын түзүлүшү. 1942-жыл, август
СССР ИАнын Кыргыз филиалынын ачылышы. 1943-жылы
Быстровка – Рыбачье темир жолунун пайдаланууга берили-ши. Колхоздорду ирилештирүү. 1950-жылы
 «Манас» эпосуна арналган илимий конференция. 1952-жылы
Кыргыз ИАнын ачылышы. 1954-жылы
Орто-Токой суу сактагычынын курулушунун аякташы. 1955-жылы
Эки томдуу Кыргызстандын тарыхынын жарык көрүшү. 1956-жылы
Айыл чарбасын өнүктүрүүсүндөгү ийгиликтери үчүн Кыргыз ССРинин Ленин ордени менен сыйланышы. 1957-жылы
Кыргыз искусствосу менен адабиятынын Москвадагы экинчи он күндүгү. 1958-жылы
Кыргыз ССРинин Ленин ордени менен сыйланышы. Чыңгыз Айтматовго Лениндик сыйлыктын берилиши. 1963-жылы
Чарбалык турмуштагы жана маданий курулуштагы ийгиликтери үчүн Ош облусунун Ленин ордени менен сыйланышы. 1966-жылы, октябрь
Искусство институнун ачылышы. 1976-жылы
Кыргыз ССРинин Эл Достугу ордени менен сыйланышы. 1973-жылы, декабрь
Кыргыз ССРинин Октябрь Революциясы ордени менен сыйланышы. 1973-жылы, октябрь
Токтогул ГЭСинин толук кубаттуулукта ишке кириши. 1979-жылы
Кыргыз ССРинин Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамынын кабыл алынышы. 1989-жыл, 23-сентябрь
Ош окуялары. 1990-жыл, 4-июнь
Жогорку Кеңеште А. Акаевдин Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланышы. 1990-жыл, 27-октябрь
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндө Декларацияны Жогорку Кеңештин кабыл алышы. 1990-жыл, 15-декабрь
Фрунзе шаарына Бишкек деген баштапкы аты кайтарылып берилген 1991-жыл, 5-февраль
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз каранды эместиги жөнүндө» Декларациянын кабыл алынышы. 1991-жыл, 31-август
Алгачкы жалпы элдик шайлоодо А.Акаевдин Кыргыз Республикасыны Президенти болуп шайланышы. 1991-жыл, 12-октябрь
Кыргыз Республикасынын Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигине мүчө болушу. 1991-жыл, 21-декабрь
Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмуна кабыл алынышы. 1992-жыл, 2-март
Кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк 1-курултайы. 1992-жыл, 30-31-август
Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын кабыл алынышы. 1992-жыл, 5-май
Улуттук валюта – сомдун ишке киргизилиши. 1993-жыл, 10-май
Кыргызстан элинин 1-курултайы, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын түзүлүшү. 1994-жыл, 21-23-январь
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоолор. 1995-жыл, 5-февраль
«Манас» эпосунун 1000 жылдыгын белгилөө. 1995-жыл, 26-30-август
Жалпы элдик шайлоодо А.Акаевдин экинчи мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланышы. 1995-жыл, 24-декабрь
Кыргызстан элинин 2-курултайы. 1996-жыл, февраль
Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан Республикаларынын ортосунда түбөлүк достук жөнүндө келишимге кол коюу. 1997-жыл, январь
Кыргызстандык Салижан Шарипов америкалык 89-экспедициянын экипажында (Спейс-шатл) космоско учкан. 1998-жыл, 22-январь
Кыргызстандын космонавты С.Шариповго Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы ыйгарылган. 1998-жыл 6-апрель
Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Мыйзамды кабыл алуу боюнча Референдум. Ал референдум боюнча жерге жеке менчик киргизилген. 1998-жыл, 17-октябрь
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Кыргыз
Республикасынын «Жер жөнүндөгү кодекси», «Кооперация жөнүндөгү», «Дыйкан (фермер) чарбалары жөнүндөгү» мыйзамдары кабыл алынган.
1999-жыл, май
Баткен аймагына (Зардалы) диний-экстремист жоочулардын тобу кол салып, чек аранын коопсуздугуна коркунуч туудурган. 1999-жыл, август
Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаев Баткен облусун түзүү жөнүндөгү Мыйзамга кол койгон. 1999-жыл, 13-октябрь
Кыргыз Республикасынын Жогору Кеңешине шайлоолор өткөн. 2000-жыл, 20-февраль
Ош шаарынын 3000 жылдык мааракеси. 2000-жыл, 4-5-октябрь
Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо болуп, А.Акаев кайрадан шайланган. 2000-жыл, 29-октябрь
«Жер кодексинен» жерди сатууга жана сатып алууга тыюу салган беш жылдык мораторий жөнүндөгү берене алынып ташталган. 2000-жыл, декабрь
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши «Мугалимдердин статусу жөнүндө» мыйзамды кабыл алган. 2000-жыл, 26-декабрь
Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаев кыргызстандык илимий ишмерлерге «ХХ кылымдагы көрүнүктүү илимий жетишкендиктери үчүн» наамындагы 20 ардактуу алтын медаль тапшыруу жөнүндө Жарлыкка кол койгон. 2001-жыл, 29-май
Шанхай бешилтигине кирген мамлекеттердин жыйыны. «Шанхай форуму» «Шанхай кызматташтык уюму» болуп кайра түзүлгөн. 2001-жыл, 14-15-июнь
Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 10 жылдыгы. 2001-жыл, 31-август
Жалал-Абад шаарында Курманбек баатырдын 500 жылдык мааракеси өткөн. 2001-жыл, октябрь
Аксы окуялары. 2002-жыл, 17-18-март
БУУнун Генералдык Ассамблеясынын 57-сессиясында Кыргыз мамлекеттүүлүгү жөнүндөгү резолюциясы кабыл алынган. 2002-жыл, 20-декабрь
Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналган эл аралык илимий конференция. 2003-жыл, 15-16-май
Бишкек шаарынын 125 жылдыгы. 2003-жыл, 11-14-июнь

(Уландысы бар)

         “Кыргыздын 100 керемети” китебинен

Мурунку макалаДоорлор өчүрө албас адабият жылдыздары
Кийинки макалаТоолор кулабайт”: “Биз “Манас” айтпаган манасчыларбыз”

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз