Башкы бетке Рубрикасы жок Доорлор өчүрө албас адабият жылдыздары

Доорлор өчүрө албас адабият жылдыздары

0
36

Поэзия — бул адабияттын эң терең жана кайталангыс формасы, ал сөздөр аркылуу ойлорду баяндоонун өзгөчө ыкмасы. Мында ар бир акын өзүнө гана таандык жол менен адам жан дүйнөсүн жеке туюмдары аркылуу ачып берет.

Кайсы бир акын бир адамга, бир окуяга, бир аймакка, бир мезгилге, бир өлкөгө таандык, орток сезимдерди, маселени жазышы мүмкүн, а бирок дүйнөлүк акындардын чыгармалары дүйнөнүн булуң-бурчундагы ар кандай адамдардын жүрөгүнөн өтүп, дилине орной алат.

Гомер
(б.з.ч. VIII кылым доору)

Гомер – байыркы Грециянын атактуу акыны, анын «Илиада» жана «Одиссея» поэмалары антика дүйнөсүнүн маданий мурасы болуп саналат. Гомердин чыгармаларында адамдын эрки, көз карандысыздыгы жана баатырдык идеялары терең чагылдырылган. Анын поэзиясы дүйнөлүк адабияттын негиздерин түзөт.

Уильям Шекспир
(1564–1616)

Уильям Шекспир — англис адабиятынын улуу өкүлү, дүйнөгө «Ромео жана Жульетта», «Гамлет», «Отелло» сыяктуу шедеврлерди тартуулаган драматург жана акын. Анын поэзиясы терең философиялык мазмунга ээ. Шекспирдин өзгөчө лирикасы жана эпикалык чыгармалары өз убагында гана эмес, бүгүнкү күндө да өтө актуалдуу. Ал ушунусу менен бардык мезгилдерде бийикте жана берет.

Александр Пушкин
(1799–1837)

Пушкин — орус адабиятынын негиздөөчүсү жана дүйнөлүк поэзиянын улуу өкүлү. Анын чыгармачылыгы романтизм, реализм жана жаңы идеялардын синтези болуп саналат. Пушкиндин «Евгений Онегин» поэмасы жана башка лирикалык чыгармалары бүткүл дүйнөдө окулуп, турмуштун бардык тармактарын терең түшүнүүгө мүмкүндүк берет.

Сергей Есенин
(1895–1925)

Сергей Есенин – орус поэзиясынын эң көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири. Анын поэзиясында табияттын сулуулугу, айыл турмушунун орус келечегине болгон терең сүйүүсү жана коомдун өзгөрүшүнө болгон кайгысы чагылдырылат. Есениндин акындык карьерасы өтө кыска болсо да, анын чыгармалары дүйнөлүк адабиятка терең из калтырды.

Бул акындардын чыгармалары дүйнөлүк адабияттын алтын казынасын түзүп, ар бир адамга эргүү берип, терең ойго салат. Алардын поэзиясы кайсы мезгил болбосун эч качан эскирбейт, тескерисинче мезгил өткөн сайын актуалдуулугу арта берет.

 Уолт Уитмен

XIX кылымдагы америкалык акын жана эссеист. Жазуучунун чыгармалары сезимталдыгы жана жаңычылдыгы менен өзгөчөлөнүп, поэзия жөнүндөгү салттуу ойлорду сындырып жазган. Уитмен америкалык жана дүйнөлүк маданиятка чоң таасирин тийгизген. Ал замандын реалдуулугун кайра жараткан биринчи акындардын бири. Аны «ааламдагы универсалдуу байланыштардын» акыны катары кабыл алышкан. Ошондой эле ал күнүмдүк жашоосунун ар түрдүү аспектилерин өтө көркөм, тактык менен сүрөттөгөн.

Омар Хайям

Тарых, математика, астрономия, адабият жана ал тургай ашпозчулук сыяктуу тармактарда укмуштуудай жемиштүү иши менен белгилүү болгон легендарлуу окумуштуу жана философ. Ал Ирандын жана бүткүл Чыгыштын теңдешсиз чыгаан акыны. Адамдарды тарбиялоо, аларды мотивациялоо, жашоонун маңызын табууга жардам берүү – Омар Хайямдын чыгармачылыгынын өзөгүн түзгөн.

Рабиндранат Тагор

Индиялык жазуучу, акын, композитор, сүрөтчү жана коомдук ишмер. Ал Индия адабиятына, ошондой эле музыкасына өчпөс из калтырган улуу акын. Адабият боюнча Нобель сыйлыгын алган европалык эмес биринчи адам.

 

 

Пабло Неруда

Чилилик акын, дипломат жана коомдук ишмер.

1925-жылы поэзияга кызыгып, окуусун таштаган. Акын Г.Мистраль менен жолугушуу Неруданын поэтикалык табитинин калыптанышына чоң таасирин тийгизген.

 

Михаил Юрьевич Лермонтов

Орустун улуу акыны. Анын чыгармачылыгы жарандык, философиялык жана жеке мотивдерди айкалыштырып турат. Ал орус жана дүйнөлүк адабиятты жаңы бийиктикке чыгарган жана ХIХ-ХХ кылымдардын эң көрүнүктүү орус жазуучуларына жана акындарына зор таасирин тийгизген.

 

Уулжан БЕЙШЕНБЕКОВА, “Кыргыз Туусу”

Мурунку макалаМындан ары мугалимдерге акча чогулткан старосталар дагы текшерилет
Кийинки макалаТарыхый окуялар

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз