Башкы бетке Рубрикасы жок Садыр Жапаров Индиянын премьери Модини парламенттик шайлоодо жеңишке жетиши менен куттуктады

Садыр Жапаров Индиянын премьери Модини парламенттик шайлоодо жеңишке жетиши менен куттуктады

0
1105

Президент Садыр Жапаров Индиянын премьер-министри Нарендра Модиге өлкөдө өткөн жалпы парламенттик шайлоодо анын альянсынын жеңиши менен куттуктоо жолдоду.

«Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан жалпы парламенттик шайлоодогу Улуттук демократиялык альянстын жеңиши менен чын дилимден куттуктайм.
Бул жетишкендик Сиздин лидерлик сапаттарыңыздын, Индия элинин Сизге болгон ишениминин жана Сиздин жетекчилигиңиз менен Индиянын дүйнөдөгү ээлеген ордунун жогорулашынын далили.Ошону менен бирге биздин өлкөлөрүбүз саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө активдүү диалогду, эл аралык уюмдардын алкагында тыгыз кызматташууну тереңдетүүгө жетишти», – деп айтылат куттуктоо билдирүүсүндө.

Президент Садыр Жапаров Нарендра Модиге чың ден соолук жана мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми Индия элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

Мурунку макалаН.Шакиев Азербайжандын президенти И.Алиев менен жолукту
Кийинки макалаСадыр Жапаров Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушуна байланыштуу кайрылуу жасады

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз