Башкы бетке Рубрикасы жок Акылбек Жапаров эл аралык финансылык форумга катышууда

Акылбек Жапаров эл аралык финансылык форумга катышууда

0
1414

Бишкекте Bishkek International Finance Forum — BIFF аталышындагы эл аралык финансылык форум өтүүдө.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, өлкөнүн коммерциялык банктарынын өкүлдөрүнө кайрылып, Кыргызстанды эл аралык биржага алып чыгуу боюнча активдүү кызматташууга чакырды.

Белгилей кетсек, форум Кыргызстанда жана башка коңшу мамлекеттерде пикир алмашуу, акыркы тенденцияларды талкуулоо, IT-чечимдерди сунуштоо жана өнөктөштөрдү табуу үчүн оптималдуу аянтча катары жыл сайын өткөрүлүүчү ири финансылык иш-чара болуп саналат.

Форумга Казакстан, Өзбекстан, Грузия, Монголия, Россия, Беларусь, Азербайжан, Түркия, Кытай, АКШ жана башка өлкөлөрдөн 300дөн ашык коммерциялык банктардын жана каржы секторунун өкүлдөрү катышууда.

Мурунку макалаСадыр Жапаров уран темасына байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады
Кийинки макалаТаласта 15 жаштагы окуучу кыз кош бойлуу болуп калган

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз