Башкы бетке Министрлер кабинети Таласта 15 жаштагы окуучу кыз кош бойлуу болуп калган

Таласта 15 жаштагы окуучу кыз кош бойлуу болуп калган

0
1198

13-майда Айтматов райондук ички иштер бөлүмүнө мектеп мугалимдери тарабынан 15 жаштагы өспүрүм кыздын боюнда бар экендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бул боюнча жашы жете элек кыздын апасы дагы милицияга арыз менен кайрылган.

Аталган факты боюнча “Зордуктоо” беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Текшерүү учурунда өспүрүм кыздын 26 жумалык боюнда бар экендиги аныкталып, аталган кылмыш иши боюнча шектүү катары 1993-жылы туулган А.А. кармалган. Ал райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Мурунку макалаАкылбек Жапаров эл аралык финансылык форумга катышууда
Кийинки макалаЖээнбек Кулубаев Германиянын элчисин кабыл алды

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз